• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

6 Чын куран 202616:28 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Нарын дарыясына түшүп кеткен жашы жете элек баланы издөө иштери Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, учурда улантылууда.

Издөө иштеринин жүрүшүндө атайын техникалар, анын ичинде кайык жана учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) колдонулуп, Нарын дарыясынын жээги менен Нарын районунан Ак-Талаа районуна чейинки аймактар толук текшерилүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 119