• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарындагы катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду (сүрөт)

9 Чын куран 2020 18:53 Бишкек Govori.TV


Нарын облусунун аймагында шамал катталды. Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы 23-25 м/с чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын, чарбалык курулуштардын жана административдик имараттардын чатыр жабууларынын шиферлерин учуруп, зыян келтирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-апрелде болжол менен саат 20:00-23:50 чамасында Ат-Башы районунун аймагында катталган. шамалдан 18 турак-жайдын 394 чарчы метр чатырчасы, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатырча жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болду.  

Учурда Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан  үч багыт боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 273