• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Новиков: Элдин эсебинен кыргыз тилин үйрөнүүдөн баш тарта алам (видео)

14 Бирдин айы 2018 11:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.02.2018.Govori.TV
Экономика министри Артем Новиков элдин эсебинен кыргыз тилин үйрөнүүдөн баш тартуусу мүмкүн. Бул тууралуу Новиков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Мен буга чейин өз чөнтөгүмөн кыргызча үйрөнүп келгем. Учурда кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн жогорулатуу үчүн каражат бөлүнгөн. Эгерде бул коомдук резонанс жаратып жатса мен элдин эсебинен кыргыз  тилин үйөнүүдөн баш тартууга даярмын»,-деди Новиков.
Ошондой эле журналисттер Новиковго кыргыз тилинде суроо узатышканда министр кыйналып кенен жооп бере алган жок.

Экономика министрлигинде иштеген кызматкерлеге кыргыз тилин үйрөтүү үчүн бюджеттен атайын акча бөлүнгөн. Ага ылайык министр Артем Новиков ай сайын 12 миң сомдон коротот. Бишкектеги эң алдынкы тил үйрөтү борборлорунда англис, кытай тилдерин үйрөтүү 6 миң сомдун тегерегинде.

Количество просмотров: 30