Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV
Казакстандын борбор калаасынын аты өзгөргөн менен Астананын тургундары астаналык деп аталып кала берээрин жергиликтүү акиматтан билдиришкенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
“Президенттин сунушу менен биздин шаар Нур-Султан болуп өзгөрүүдө. Бул демилге туңгуч президенттин борбор калаа үчүн жасаган эмгегине ыраазалык билдирүүгө багытталган. Бирок биз, борбор калаанын жашоочулары астаналыктар бойдон калабыз”, – деп айтылат маалыматта.
Шаардын аты өзгөрүп, бирок тургундарын эскиче атоо жаңы тажрыйба экенин ММКлар жазууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип жатып Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүнү сунуштаган. Муну депутаттар колдоп берди.