Күйүүчү майдын баасы 60 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бүгүнкү жалпы жыйында билдирди.
«Бүгүнкү күндө көчөдө 45 сомдон төмөн бааланган бензин жок. Урматтуу министр, элге ачык эле айтыш керек. Күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөт, 60 сомго чыгат. Күйүүчү-майлоочу майлар сырттан ташылып келгендиктен маселени чече албайбыз. Ачык айтып, даярдык көрүш керек»,-деди Нышанов.
Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда баа күн сайын өсүүдө. Баанын өсүшүнө Орусияда мунай өндүрүштүн көлөмүнүн азайышынан улам, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөөсү сыяктуу бир нече факторлор таасирин тийгизип жатат.