• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нышанов: Мамлекеттик ишканаларды менчикке өткөрүү демилгесин колдошубуз керек

6 Бугу 2021 17:04 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ишканаларды менчикке өткөрүү демилгесин колдошубуз керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, менчиктештирүү ачык-айкын жүрүшү керек.

«Дүйнөдө мамлекет аралашкан бизнес жана структуралар жыйынтык берген эмес. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөр бардыгын жеке менчикке берген. Биз муну таанып, колдошубуз керек. Бирок кимге берилет? деген суроо жаралат. Ошол эле учурда чиновниктер арзан баада сатып алып, элдин ишеничин актабай калса башка маселе. Ал эми менчикке өткөн ишканалардан мамлекетке каражат түшүп, элге кызмат кылса жакшы. Бизде президенттин тегерегиндеги эле адамдар жеке менчикке өткөрүп алган учурлар дагы жок эмес»,-деп билдирди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-майда келечекте Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке өткөрүү пландалып жатканын айткан.

Количество просмотров: 1270