Бишкек шаарындагы көчөлөр оңдоодон өтүп, жаңыланганы менен сапаты көпчүлүктү нааразы кылып келет. Бир-эки жыл айланбай, көпчүлүк жерлердин асфальты сыйрылып, тротуарлардын көрүнгөн жерлери чөгүп кеткен. Мындай жерлер борбор калаанын көрүнүктүү көчөлөрүндө кездешет. Жаңы курулган жолдордун кемчилиги чыгып, кайра оңдолгон учурлар дагы жок эмес.