• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

OCCRP: ондогон өлкөнүн бийлиги телефон аркылуу активисттер менен журналисттерди аңдыган

19 Теке 2021 17:36 Бишкек Govori.TV

Ондогон өлкөнүн бийлиги бир нече жылдан бери атайын программанын жардамы менен жүздөгөн журналисттерди, укук коргоочуларды жана активисттерди аңдыган.

Бул тууралуу Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) жүргүзгөн жаңы иликтөөдө айтылат.

Pegasus – Израилдин кибертыңчылык программасы менен алектенген NSO Group компаниясынын өнүмү. Ал башкалардын телефон чалууларын көзөмөлдөп, кабарларын окуп, сүрөт жана сырсөздөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. 18-июлда жарыяланган иликтөөдө 2016-жылдан бери NSO Group компаниясы дүйнө жүзү боюнча 50 миң номурду аңдыганы жазылган. Арасында казакстандык номурлар да бар.

Иликтөөчүлөр номурларды географиялык кластерине жараша топтоштуруп, алар ондон ашык өлкөгө таандык экенин аныктаган. Арасында Казакстан, Азербажан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы, Того жана Бириккен Араб Эмираты бар.

Количество просмотров: 158