“Атасы УКМКда, апасы билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жатат”-деген видео талкуу болуп жатат.
Бул окуя Кыргызстандын аймагында катталган эместигин Президенттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында окуучулар казак тилинде сүйлөп жатат. Андыктан, Бермет Садыкова жарыялаган видео бизге тийешеси жок.
«Окуучуларга жана ата-энелердин психикасына терс таасир бере турган жалган маалыматтарды андан ары жайылтпоого чакырам»,-деп жазат Орунбеков.
Окуя кайда болгону тууралуу маалымат төмөнкү шилтемеде.