• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды

19 Үчтүн айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев «Твиттердеги» баракчасына жазды. Ага ылайык, cаясатчы 2021-жылдын 15-февралына чейин абакта болот.

17-январда Германиядан Москвага кайтып келген Навальный “Шереметьево” аэропортуна конору менен кармалган болчу. Бүгүн Москванын четиндеги Химки шаардык полициясынын имаратында бөгөт чарасы боюнча жараян өттү. Алексей Навальный акыркы соттук жараянды “мыйзамсыздыктын туу чокусу” деп атаган болчу.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Расмий орган Навальныйды камакка алууну соттон суранган.

Сот жараяны өтүп жаткан учурда полиция имаратынын сыртында оппозициячыл саясатчынын бир нече тарапкери чогулуп, “Коё бер” деп кыйкырып турушту.

Саясатчынын кармалышын бир катар Батыш өлкөлөрү кескин сынга алып, орус бийлигин аны бошотууга чакырышууда.

44 жаштагы Алексей Навальный былтыр августта Орусияда ууландырылгандан кийин Германияда дарыланып жаткан. Ал муну Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы уюштурганын ашкерелеген иликтөө жарыялаган болчу.

Количество просмотров: 124