• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный оор абалда ооруканага түштү

20 Баш оона 2020 16:24 Бишкек Govori.TV

Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный эс-учун жоготкон абалда «Тез жардам» менен Омскидеги ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Твиттерге» жарыялаганын орусиялык басылмалар жазды.

Ярмыштын маалыматына ылайык, Навальный бүгүн эртең менен Томск шаарынан Москвага учкан. Абалы начарлап, даараткананын жанында эс-учун жоготуп жыгылган.  Учак Омск шаарына чукул конгон. Ярмыш саясатчыны «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышы мүмкүн деп шек саноодо.

“Алексейди чайга аралаштырган нерсе менен ууландырды деп ойлойбуз. Таңдан бери ал чай эле ичкен. Дарыгерлер токсин ысык суюктукта бат таасир этерин айтышты”,- деди Ярмыш.

Ошондой эле Ярмыш бир жыл мурун Навальный атайын төргөө абагында да ууланып калганын кошумчалаган.

Акыркы маалыматтарга караганда Навальныйдын абалы оор, учурда өзүнө келе элек.

Белгилей кетсек,  Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду менен Орусиянын президенти  баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин, байлыгын иликтеп келген.

Количество просмотров: 180