• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто сексендеги эне өз баласынан таяк жеди

22 Жалган куран 2019 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

Ош шаарында жашы сексенге келип калган эне “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, картайган өз уулунан таяк жеп, бети-башы көгөрүп, колунан жараат алган. Ал Оштогу айылдардын биринин тургуну. Төрт баласы бар.

“Балдарынын бири ичкиликке берилген экен. Ошонун колунан зомбулук көрүптүр. Азыр биздин убактылуу баш калка жайыбызда жатат, ден соолугу көзөмөлдө”,  – деди Асылбекова.

Эненин мындан аркы тагдыры кандай болот, кайда жашайт деген маселелинин үстүндө кризисттик борбор укук коргоо органдары жана жеригилктүү бийлик менен бирге иш алып барууда.

“Үйдөн чыкканда эне карылар үйүнө барам деп чечкен экен. Учурда өздөрүнүн айылынан бирөө багып алам деп жатат. Акыркы чечимди эне эми өзү кабыл алат”,  – дейт борбор башчысы.

Асылбекова, акыркы кезде өз балдарынан же туугандарынан зомбулук көргөн эне-аталар көбөйгөнүн айтат. Ал соңку окуяларды мисал келтирди: 50, 55 жана 60 жаштагы үч аял бизге кайрылган. Экөө өз балдарынан, бирөө туугандарынан запкы көргөн. Көп учурда балдар ичкиликке берилет, “акча тап”, “пенсияңды бер” деген шылтоолор менен өз энелерине кол көтөрөт.

“Бул маселени жергиликтүү бийликтин деңгээлинде социалдык адистер эле көзөмөлгө алса болот. Аларда кайсы үй-бүлөдө балдар ичет, кайсынысында намаз окушат, карыларга зомбулук көрсөтөбү-жокпу деген маалыматтар болушу керек. Айыл өкмөттөр бул көйгөйдү көңүл сыртында калтырууда, анын айынан карылар, жаш балдар зордук-зомбулук курмадыгына айланып жатат”,  -дейт Асылбекова.

Бул окуяны жергиликтүү милиция териштирип жатат. Алар жакынкы сааттарда расмий билдирүү таратууну убадалады.

Теги:
Количество просмотров: 11