Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына байланыштуу өзүнүн жеке пикрин билдирди. Анын айтымында, музей тууралуу түшүнүгү жок адамдар, анын директорун иштен алынышын талап кылганы туура эмес.
«Кече музейге барбай туруп эле жаш министрди коркутуп, директорун жумуштан алышты. Жогорку Кеңеште социалдык маселелерди караган комитет бар.Бул боюнча министрди, вице-премьер-министрди, керек болсо премьер-министрди сурап койбойсуңарбы. «Музейдин директору эмне себептен кызматтан алынды?» деп. Парламент, каякты карап жатасыңар?»,-деди Роза Отунбаева.