• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн дагы эки жерде 350 орун даярдалды

29 Кулжа 2020 12:55 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн дагы эки жерге кошумча орун даярдаганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө 150 жана «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет коюлган.

«Булардын баары өпкө оорусу менен жабыркагандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. Кечээ күнү 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүндөн баштап №1 шаардык ооруканасы өпкөсү сезгенген 120 бейтапты кабыл алууга даяр. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Количество просмотров: 63