• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Премьер-министр: Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек

9 Үчтүн айы 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген  үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат. Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт. Тилекке каршы, өлкөбүздө аялдар жакындары тараптан зомбулук көргөн учурлар аз эмес. Алар ар кандай себептерден улам ур-токмокко алынып, кордук көрүп келишет. Үй-бүлөдөгү катаал мамиле трагедиялуу аяктаган айрым учурлар бар. Бул жалпы коом үчүн кооптуу белги, анткени жакындарына карата агрессия көрсөткөн адамдар арабызда жүрүшөт. Алар үй-бүлөлүк зомбулукту адаттагыдай, мыйзамга каршы келбеген, адам укуктарын жана эркиндигин бузбаган көрүнүш катары көрүшөт. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш жана бүтүндөй коомдун трагедиясы. Тилекке каршы, көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Ошентсе да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бул бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы. Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. Үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик – бул жогору баалап, коргой турган жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бул бейпил үй-бүлөнүн  жана бакубат улуттун кепилдиги», — деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Муну менен катар үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасы берилди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарылышы керек.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 76