Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук «Курак» Аялдар форуму» коомдук бирикменин өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда өлкөнүн региондорунда жашаган аялдардын экономикалык жактан билимин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Эске салсак, 12-март күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алган.
Тараптар мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашкан.
Белгилей кетсек, «Курак» Аялдар форуму» коомдук бирикменин өкүлдөрү 8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештик маршына катышкан. Ал маршта «Кырк чорочулар» катышуучуларга гүл тараткан.