• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Президенттик аппараттын мурдагы кызматкери үй камагына чыгарылды

15 Чын куран 202013:56 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кармалган президенттик аппараттын мурдагы кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасы 12-апрелде Октябрь райондук сотундакаралып, үй камагына чыгарылган.

Эске салсак,  10-апрель күнү Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Н. С.  аттуу аял арыз менен кайрылган.  Арызда жолдошу мас абалында 3 күндөн бери тынчтык бербей, ага кол көтөргөнү айтылып,чара көрүүнү суранган. 40 жаштагы С.Т. 2015-жылдан тартып Президенттин аппаратынын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, бирок 2019-жылдын май айында кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 137