• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 11 адам арыз берди

10 Жетинин айы 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-ноябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу “Ошгаз” филиалынын директору Рашид Тагаевден БШКга арыз түшкөн.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Абыкаар Сыдыков, Бектур Асанов, Сазыкбай Турдумалиев, Канатбек Исаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Нурлан Мотуев БШКга расмий арыз тапшырган. Шайлоого катышуу ниетин Конституциялык соттун мурдагы судьясы, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова да билдирген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Количество просмотров: 51