• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Путин менен Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койду

28 Жалган куран 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койду.

Анын негизгилерин бири Орусиянын Кыргызстандагы «Кант» авибазасынын макамын өзгөртүү жөнүндө экени айтылды.

Мунун алдында аталган базаны орусиялык басылмалар Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго таянып Москва менен Бишкек жетишкен жаңы макулдашууга ылайык жер аянтына болгон ижара акысы көбөйтүлөрүн жазды.

2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми авиабаза үчүн Кыргызстанга жылына $4 миллион 794 миң доллар төлөйт. Мурда бул сумма $4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. Кошула турган сумма 291 миң доллар болору айкын болду.

Мурдараак Кыргызстан менен Орусиянын президенти 30дай документке кол коюлаары кабарланып жаткан.

Количество просмотров: 17