• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Путинге каршы пикетке чыккан жубайлар үй камагына чыгарылды

29 Жалган куран 2019 10:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан активист Нурлан Карымшаков менен анын жубайынын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда жабык каралды. Сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үйүнө коё берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Эске салсак, 27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайларды милиция кармап кеткен. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, кармалгандар улуттар аралык жек көрүүгө чакырган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Плакаттарда «Путин-агрессор», «Оккупант», «Адам өлтүргүч» жана «Бизге аскер базасынын кереги жок» деп жазылган. Милиция эксперттер аркылуу жазуулар улуттар аралык жек көрүүгө чакыргандыгын аныктап, кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 12