Россиядагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгон Кыргызстандык жарандардын үчөөнүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда маркумдардын сөөгү өлүк сактоочу жайда.
«Каза болгондордун биринин тууганы окуя болгон жерге барды. Калган маркумдардын туугандарын издөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болду.
Кырсык күн мурун Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.