• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Сүйүнчү: Жоголгон Калыс табылды

6 Кулжа 202216:31 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда дайынсыз жоголгон, Ысык-Ата районундагы Рухий Мурас жаңы конушунун №92 башталгыч мектебинин, 3-классынын окуучусу Калыс Исраилов табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан «Govori.TV» га билдиришти.


Маалыматка ылайык, мекеменин атайын кызматкерлери өспүрүмдү борбордогу базарлардын биринен таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Мындан сырткары балага эч кандай залал келбегенин кошумчалашты.


Эске салсак, 2-июнда 10 жаштагы окуучу болжол менен саат 12:30 да мектептен чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан.

Количество просмотров: 559