«FactCheck» сайтынын башкы редактору, журналист Болот Темиров өзүнө кол салган деген шек менен кармалган төрт кишинин ичинен бирөөнү тааныды. Бул тууралуу «Govori.TVга» билдирди.
“Кечээ, 16-январда саат 14:00-17:00го чейин шектүүлөрдүн жүздөрүн аныктоо иши жүрдү. Анда кармалган 4 кишинин ичинен бирөөнү тааныдым. Ал эми үчөөнү кол салуу учурунда көргөн эмесмин тааный алган жокмун”,-деди журналист.
Мындан сырткары, Темиров кол салуу учурунда жоголгон телефонун табыла электигин кошумчалады.
Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду 9-январда белгисиз адамдар аталган сайттын кеңсесинин жанынан сабап, телефонун алып кетишкен. Журналист өзүнүн ур-токмокко алынышын өзүнүн кесибине байланыштырган. Аталган иш менен шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган. Алар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, камакка алынган.