• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садык Шер- Нияз кыргыздын төкмөлөрү казакка барып, баш байге албай келгени тууралуу үн катты

11 Тогуздун айы 2019 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак бири-бирине кыйын боло албайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Govori.TVга берген маегинде билдирди.

Бул нааразычылык менде 20 жылдан бери келе жатат. Казактардын айтыштарынын уюштуучусу Эрман Жүрсүндү оңолот дегем. «Битке өчөшүп, көйнөгүбүздү отко салбайлы»,- деп 15 жылдан бери айтышта кош байге коюп келебиз. Ал эми Казакстанда өткөн айтышта бизде баш байгени алган Жеңишбек Жумакадырды финалга чыгарбай, акча тапшыруу аземинде бул силерге чоң акча деп айтканы наадандык. Биз өнөргө кызмат кылышыбыз керек,-деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 92