• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саймаитиге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусу угулду

18 Кулжа 2020 18:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнда Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын корутундусу каралды. Комиссиянын төрагасы Талант Мамытов парламенттин жалпы жыйынында корутунду менен тааныштырды.

Анын айтымында, бул факты боюнча жалпысынан 5 кылмыш иши ачылган. Кыргызстандан 700 млн доллар эмес, 932 млн доллар чыгарылганы аныкталды. Журналисттер келтирген документтер тергөө органдары тарабынан суралды. Бирок документ толук көлөмдө берилген эмес.

2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз түрдө КРнын жарандыгын тастыкстоочу паспорт берип, ал жагдай Саймаитинин Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2017-жылы Саймаити Кытай жаранынан 3 млн.28миң 168 долларга бааланган акчасын жана товарын алып, из жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу анын үстүнөн арыз түшкөн. Укук коргоо органдары “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, Саймаитинин аялы банктык эсебинен 2016-жылдын 25-августунда 100 миң доллар, 2016-жылы 20-сентябрда дагы 99 миң 958 доллар которгондугу аныкталган.

Эске салсак, Айеркен Саймаитинин өлүмүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия 2019-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, «Республика-Ата Журт» фракциясынан Закир Шарапов, Талант Мамытов, «Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнөв, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.

Айеркен Саимаити 10-ноябрда Түркиянын борбору Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган.

Количество просмотров: 166