• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламаттыкты сактоо министри: Дарыканаларда бет кап жок болуп жатат

28 Бирдин айы 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө дарыканаларда медициналык бет кап жок болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жыйында билдирди.

Анын айтымында, медициналық беткапка байланыштуу маселе жакынкы арада чечилет.

«Учурда 160 ооруканада 188 миң беткап бар. Ал эми рынокто 170 миң беткап бар. Буга чейин беткап Кытайдан, Казакстандан алынып келчү. Азыр аталган өлкөлөр экспортту токтотуп койду. Ошондой эле эле вирус тарап баштаганда кыргызстандык жашоочулардын көбү бет кап сатып алгандыгына байланыштуу дарыканаларда бет кап жок болуп жатат. Бул маселе 1-2 жумада чечилет», — деди Чолпонбаев.

Количество просмотров: 265