Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин ….. патент боюнча өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу «Govori.TV» га айтып берди.
Маекти бул жактан көрүңүз:
Кошумчалай кетсек, 1-февралдан тартып патент боюнча иштердеги өзгөртүүлөр күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-февралынан тартып патенттин негизинде жүргүзүлгөн иштин 19 түрү кыскартылып, 86дан 67 түр калат.
Анын ичинде жеке ишкердик иш – 56 түрдөн 34кө чейин кыскарууда, ал эми жеке эмгек ишмердиги, тескерисинче, иштин 3 түрү менен толукталып, 30дан 33кө чейин көбөймөкчү.
Иштин төмөнкү түрлөрү алып салынды:
– убактылуу түйүндөрдү колдонуу менен эсептөө жана көбөйтүү техникаларын тейлөө кызматтары, үйлөнүү салондорунун кызматтары, караоке кызматтары, базарларда лото оюндары,
– эт жана канаттуулардын этинен (шашлык, гриль) даяр тамактарды жасоо жана сатуу, нан бышыруу (1 шкаф үчүн) боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
Ишкердик иштен эмгек ишмердигине – жер үстүндөгү транспорт иши, үн жазуу жана видео тартуу кызматтары, сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды (музыканттар, тамада, бий жана актердук топтор башка сахналык спектаклдер) тейлөө кызматтары которулду.
Жаңы иштин түрлөрү менен авто унаа каражаттарын жууп-тазалоо кызматтары, 3 орундуу отургучту пайдалануу менен жеке стоматология кызматтары жана сауна кызматтары (кызматтын наркына жараша) толукталды;
Мындан тышкары, ишмердиктин 16 түрү бир пунктка бириктирилип, 5 түрү жаңы аталышка өзгөртүлдү.
Ошондой эле, өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү боюнча эсептер өзгөрдү. Алсак, патенттин баасы 1 чарчы метр үчүн аныкталат, ал эми мурда – бөлмөнүн санына жараша эсептелчү.