Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары электросамокат менен жумушка барат. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазды.
Кубанычбек Шатемиров мындай жол менен убакытты үнөмдөрүн түшүндүргөн.
«Электросамокат менен жүргөнүмө бир жылга жакындап калды. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында тротуарлар салынып, экологияны бузбай, велосипеддер менен жүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды. Тыгынга кабылбай, жумушка тез жетесиң»,-деп билдирген Шатермиров.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында электросамокаттар менен велосипеддердин популярдуулугу күндөн күнгө жогорулап жатканы байкалууда .