• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду

23 Бештин айы 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

Жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалган Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуш беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, УКМК Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев кармалгандыгы тууралуу 17-декабрда маалымат жарыялаган. ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы Сулайманов деген фамилиясын Саркарбаев кылып өзгөрткөн. Ал 2006-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (талап-тоноочулук) менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген.

Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген.

Андан тышкары, атайын кызмат аны Женго деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кылыч Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар жаңжалдарына катышканын аныктаган.

Количество просмотров: 54