• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шаардык сот “Азаттыктын” УКМКнын аракеттерине каршы арызын канааттандырган жок

2 Бирдин айы 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда «Азаттык Медианын» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине байланыштуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда «Азаттык Медианын» УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу «Азаттык Медианын» банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Эске салсак, 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

Аталган медиа банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилөөдө.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралышы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 85