• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шаардык сот Матраимовдун иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

28 Бештин айы 2018 12:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.12.2018.Govori.TV.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан ишти карап чыгып, соттук коллегия райондук соттун чечимин кучүндо калтырды. Аны өзгөртүүсуз калтырууну кабыл алып Кыргыз өкмөтүнүн  апелляциялык арызын четке какты.

Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Эл ичинде «Раим миллион» атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. 

Количество просмотров: 26