• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Шайлоого чейин жолукканбыз». Нариман Түлеев интернетке тараган видео боюнча үн катты

12 Чын куран 2021 14:07 Бишкек Govori.TV


Борбор калаанын мурдагы мэри, «Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «“Эмгек” менен “Ак Бата” коалиция түзүү тууралуу макулдашып жатат» деген видео боюнча үн катты.

Анын айтымында, интернетке жарыяланган видео шайлоого чейин тартылган.

«Социалдык тармактарга жарыяланган видео 7-апрель күнү тартылган экен. Үч партия атайы жолугуп, таза мыйзамсыз иштерди жасабоо, таза шайлоо өткөрүүгө макулдашканбыз. Биз өзүбүздүн сөзүбүзгө турдук. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин партияга Аймактык шайлоо комиссиясынан жана башка органдардан иш козголгон жок. Ал эми видео ошол учурда тартылган экен»,-деди Түлеев.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Нариман Түлеев, Аскар Салымбеков жана экс-мэр Азиз Суракматовдордун жолугушуусу учурундагы видео тараган эле.

Количество просмотров: 3720