Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрда кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга келгендердин арасында депутат Жанар Акаев дагы бар. Журналисттердин суроосуна жооп берип жаткан эл өкүлүнө ден соолугу тууралуу суроо узатылды.
Анда Акаев абалы жакшы экенин айтып, социалдык түйүндөрдө ага карата ишенбеген түрдүү пикирлерди жазып жатышканын белгиледи.
«Бутумду кааласаңар көрсөтүп берсем деле болот. Абалым жаман эмес жакшы. Кечээ башка журналисттерге дагы көрсөттүм. Жаракат алганым чын. 3 күн дарыгердин көзөмөлүндө болдум. Бутум тууралуу ар кандай сөздөр тарап кетиптир, аны мага жиберип жатышат. Ишенбесеңер шымымды чечип көрсөтө алам», — деди Акаев.