• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылык: Ошто сибирь жарасы дарты катталды. Альпинист таштын алдында калып каза болду

15 Баш оона 201818:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Албек Ибраимов камакта 29-августка чейин калмай болду
Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду камакта калтыруу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Адвокат Биринчи Май райондук соттун Ибраимовду 29-августка чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгаруу боюнча сунуш киргизген. Ага баш коргоо чарасы тандала турган кылмыш ишинин жоктугун жүйө келтирген болчу.
Ошто сибирь  жарасына шектелип 12 адам ооруканага жаткырылды
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип 12 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын маалыматына караганда, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 12 адам жаткырылган. Алардын аталган илдетке кабылгандыгы тууралуу азырынча лаборатория тастыктай элек. “Анализдердин жыйынтыгы бир нече күндөн кийин даяр болот. Ооруканага жаткырылгандар профилактикалык жактан дарыланып жатышат”, — деп айтылат маалыматта. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ооруканадагылардын баары ооруган уйду союуга катышып, анын этин бөлүп алышкан.
Екатеринбургдан келген альпинист таштын алдында калып каза болду
Кыргызстандын түштүк аймагындагы Алай тоо кыркаларында Екатеринбургдан келген альпинист Кирилл Воронков кулаган таштын алдында калып каза болду. Бул кабарды Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен тастыкташты. 32 жаштагы альпинист таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн кабардар кылууга үлгүргөн. Бирок өзү андан чыга албай каза болгон. Билдирүүдө маркумдун каармандыгынан улам башкалар аман калганы айтылат.

Количество просмотров: 26