• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгынан кетти. Коронавирустан 1 бейтап каза болуп, 69 жаңы учур катталды

29 Аяк оона 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 29-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир бейтап каза болуп, 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
Бүгүнкү күнү 454 адам ооруканада, 803 бейтап үйдөн дарыланып жатат.
Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 444 адам болду. Бир күндө 97 адам айыгып чыкты. Инфекция катталган убактан тартып айыккандардын саны — 173 102. Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2605 кишиге жетти.

АБДЫГУЛОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Толкунбек Абдыгуловдун Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгынан кетүүсүн колдоду. Буга чейин ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине Абдыгулов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз түшкөн. Катталган депуттардын ичинен 62 депутат «макул», 4 адам «каршы» деп добуш берди. Абдыгулов мурда айткандай, ал Эл аралык валюталык фонддун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси болуп дайындалган. Абдыгулов колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨ АРАКЕТИ

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Ишкананын басма кызматынын маалыматы боюнча, мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жаткан. Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук “Түндүкэлектро”, «Чыгышэлектро», “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” ишканаларына да жиберилди.

Количество просмотров: 77