• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайра уланат. Токмокто кондитердик цех өрттөндү

9 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Бүгүн, 9-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетинен сегиз адам каза болду. Илдеттен көз жумгандардын расмий саны 2407 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде 483 адамдан вирус табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 169 500 адамга жетти. Бир күндө 1360 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2850 адам жатат, дагы 4564 бейтап үйдөн дарыланууда.

ASTRAZENECA МЕНЕН ЭМДӨӨ УЛАНАТ

Бүгүн, 9-августтан тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайрадан уланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ала-Бука аскер бөлүгүнөн ооруканага түшкөн 56 кызматкердин абалы учурда жакшы. Алардын дене табынын көтөрүлүүсү, баш оору организмдин вакцинага таасири катары бааланып, мунун пайда болушуна жаштардын корккону менен тынчсызданганы себеп болгон. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө убактылуу токтотулганын, кайра улантуу же таптакыр албоо чечими толук иликтенип бүткөндөн кийин белгилүү боло турганы кабарланган. Эске салсак, 5-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук аскер бөлүгүндө 90 жоокер AstraZeneca вакцинасы менен эмделген. Көп өтпөй алардын 44үнүн дене табы көтөрүлгөн. Анын ичинен 4 жоокердин дене табы 39 градустан түшпөй, баштары ооруган. 6-августта эмдөө терс таасир бергендердин саны 56га жеткен.

ТОКМОКТО ЦЕХ ӨРТТӨНДҮ

Токмокто цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп күйүп, кондитердик цехке өткөн. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 815 чарчы метр кондитердик цех жана кампанын ичиндеги каробкалар күйгөн. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 90