• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаев сотко барбай койду

11 Тогуздун айы 2019 14:20 Бишкек Govori.TV

АТАМБАЕВ СОТКО КЕЛБЕЙ КОЙДУ

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу алгачкы соттук отурум жабык түрдө өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурумга келүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу отурум 14-октябрга жылдырылды. Бирок процессти чагылдырууга келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү соттун имаратына киргизилген жок. Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып, Россияга учуп кеткен. Быйыл бул боюнча кылмыш иши кайра тергелип, сотко өткөрүлүп берилген.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ АШХАБАДКА УЧУП КЕТТИ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Кезектеги жыйында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси​  Эрмек Ибраимовдор бар.

ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИШ! КЫРГЫЗСТАН-МЬЯНМА 7:0

10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтчү дүйнө чемпионаты менен 2023-жылы Азия кубогунун тандоо  оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешип, 7:0 эсебинде жеңишке жетти. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген. Эки оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан үч упайга ээ болуп, тайпадагы үчүнчү сапты ээледи. Биринчи орунда Япония (6 упай), экинчиде Тажикстан (6 упай, бирок киргизилген топторунун санында айырма бар) турат. Төртүнчү сапты үч упай алган Монголия ээлесе, азырынча куржунунда бир да упай жок Мьянма тизмени жыйынтыктады. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын кийинки атаандашы — Монголия, беттешуу 15-октябрьда Улан-Батор шаарында болмокчу. Үчүнчү турда япониялыктар тажикстандык атаандаштары менен оюн салат. Ал эми кыргызстандыктар монголиялыктарды утуп алган учурда, улуттук команда экинчи сапка көтөрүлөт.Монголиядан келгенден кийин Кыргызстандын футболчулары Япония командасын кабыл алат. Азиянын күчтүү командаларынын бири менен жергиликтүү спортчулар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Количество просмотров: 64