• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты. Жалал-Абадда жер титиреди

13 Бештин айы 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

ЖЕР ТИТИРЕДИ

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө түнкү саат 03:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУУГА ТАРАДЫ

Бүгүн, 13-декабрда эртең менен Билим берүү министрлиги 13-14-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы мектептер онлайн окутууга өткөндүгүн кабарлаган.

Соцтармакта айрым ата-энелер мындай чечимдин кеч кабыл алганына нааразы болушууда. Алардын айтымында чечим кеч кабыл алынган. Бул арада Бишкек мэриясы маалымат таратып мектептер апта аягына чейин онлай окуй тургандыктарын маалымдашты.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

ДАГЫ 50 АВТОБУС ИШКЕ КИРДИ

Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чаралар калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде графиктин сакталышын көзөмөлдөө жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 7-8 мүнөт сактоо максатында көрүлдү.

Ыкчам маалыматка таянсак, бүгүн, 13-декабрда эртең менен борбор калаада 450 автобус жана 115 троллейбус ишке чыккан.

Жума ичинде дагы 60 автобусту линияга чыгаруу пландалууда.

Количество просмотров: 176