• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте курулуш материал саткан 3 дүкөн өрттөндү. Көлдө ашпозчуну токмоктогондор кармалды

14 Баш оона 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөр кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милицияга Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында Чок-Тал айылындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган. Бул факты райондук милицияга катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр тез аранын ичинде кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар 21, 24 жана 22 жаштагы жарандар болуп чыгышты. Учурда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН V АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00до аяктайт. ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынган. Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

ИРИ ӨРТ КАТТАЛДЫ

Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү «Эски толчок» базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрт тууралуу 14-августка караган түнү маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу түнкү саат 12.30дарда барган. Өрт өчүрүүгө жалпысынан беш топ тартылып, 1,5 сааттан кийин чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 122