• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектеги 2 жеке мектепте бомба изделүүдө. Эртең суу өчөт

18 Тогуздун айы 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕРДЕ БОМБА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкекте бүгүн болжол менен саат 12лер чамасында «ERUDITE ISIT» жана «Газпром» жеке мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, жерине РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, мектеп милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Мектеп кызматкерлери жана окуучулар эвакуацияланды.

Учурда тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жеринде иш алып барууда.

ЖАҢЫ АВТОБУС КАТТАМЫ ИШКЕ КИРДИ

Бишкекте бүгүнтөн тарта №226 автобус каттамы каттай баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” СБКнин жумушчуларынын, жана администрациясынын, ошондой базарга келүүчүлөрдүн көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынган.

Мындан кийин №226 кичи маршуттук каттам ушул эле номердеги автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” МИ тейлейт.

ЭРТЕҢ СУУ ӨЧӨТ

Муниципалитеттен билдиришкендей, 19-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчу шаарчасы, Институт Землиделия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) суу өчүрүлөт.

Ичүүчү суу «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу токтотулмакчы.

Количество просмотров: 165