• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Блогер Сыдымандын соту жылды. Текебаев шайлоого аттанды

5 Кулжа 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

5-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 37 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 1936ны түздү. Алардын ичинен 378и медицина кызматкери. Акыркы суткада дагы 2 бейтап коронавирустун кесепетинен каза болду. Илдеттен жалпысынан 1340 жаран айыкса, Ошол эле учурда өлкодө коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8 миңден ашты.

ТЕКЕБАЕВ, МОМБЕКОВ, САРИЕВ, АКАЕВДЕР БИРИКТИ

Бугүн, 5-июнда Кыргызстандагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдер парламенттик шайлоого катышуу үчүн бириккендиктери тууралуу билдиришти. Депутат Рыскелди Момбеков ынтымак үчүн биригип жатабыз десе Жанар Акаев таза, ичип-жебеген тескерисинче кустура тургандардын башы бирикти деп эсептейт. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев алдыда жаштардын күчү менен билимин жана такшалып калган саясатчылардын тажырыйбасын колдонуша турганын айтты.

БЛОГЕР СЫДЫМАНДЫН СОТУ ЖЫЛДЫ

Блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу соттук отурум 8-июнга жылдырылды. Кийинки отурумда айыпталуучуга чечим чыгарылары күтүлүүдө. Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өттү. Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп жакындары келди. Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну Прокуратура сураган. Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

ДЕПУТАТ МАМАТАЛИЕВ «РЕСПУБЛИКАДАН» ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай чечимди учурдагы кырдаалга жараша кабыл алган.Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын алардын ичинде “Мекеним Кыргызстан” партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын кошумчалаган.

Количество просмотров: 528