• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: АКШда митингдин жаңы толкуну башталды Болот Шер комадан чыга элек

15 Кулжа 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы онлайн митинг өттү

Кыргызстанда биринчи жолу онлайн митинг откорулду. Анда айымдарга карата куч колдонуп, кордук корсоткон учурлар талкууланды. Онлайн иш чарада канткенде аялдарга коргозулуп жаткан зомбулукту токтотобуз деген суроонун устундо пикирлер айтылып, ар тараптуу мисалдар сунушталды.

АКШда митингдин жаңы толкуну башталды

АКШнын Атланта шаарында дагы бир афроамерикалык адам полициянын огунан көз жумду. 12-июнь күнү кечинде шаардагы Wendy’s ресторанынын алдында эки полиция кызматкери афроамерикалык адамдын колуна кишен салууга аракет жасап жатканын видеого тушуп калган. Берки киши моюн бербей качканда алгач электрошокер колдонулуп, андан сок ок чыгарылган. Кийинчерээк ал 27 жаштагы Рэйшард Брукс экени аныкталып, алган жараатынан ооруканада көз жумганы белгилүү болгон. Бул окуя Атлантадагы каршылык толкундарын кайрадан күчөттү.

Болот Шер комадан чыга элек

Инсульттан улам 12-июнга караган түнү Улуттук госпиталга жаткырылган мурдагы депутат Болот Шер комадан чыга элек. Бул тууралуу Govori.TVга маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашкан. Болот Шер Нияз буга чейин 2 жолу инсульт болгоон.

Сузакта кордолгон аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды

Аялынын мойнуна донголокторду илип алып сабаган киши 15 кунго камакка алынган. Бирок анын аялы токмок жегенине карабастан кайрадан тосмо арыз жазган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди. Ал эми интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда.

Кыргызстан: Эпидемиологиялык абал курчуп баратат

15-июньга карата коронавирус илдетин жугузган 87 учур катталды. Алардын ичинен 22 адам медицина кызматкери экени аныкталган. Таажы илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны Кыргызстан боюнча 2372 адамды тузгон. Ал эми сутка ичинде 22 бейтап ооруканадан сакайып чыгарылган. Ошону менен айыгып чыккан бейтаптардын жалпы саны 1813 адамды тузгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Усонбаев билдирди.

Количество просмотров: 276