• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Чек арадагы жаңжалдын чыгымдары эсептеле баштады. Бишкек “кызыл” зонада калууда

3 Бугу 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап көз жумду. Дагы 277 адамдан оору жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан 202 киши айыкты. Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда билдиргендей, соңку суткада илдет аныкталгандардын 94% көбү Бишкек шаарына Чүй облусунун тургундары. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1622ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 337, айыккандар 89 921 кишини түздү.

БИШКЕК  КЫЗЫЛ ЗОНАДА КАЛУУДА

Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат жыйындын жүрүшүндө Чүй облусу коронавирус боюнча “кызыл” зонага киргенин билдирди. Бир суткада Чүй облусунда COVID-19дун 49 жаңы учуру катталган, анын ичинен 40 учур – лабораториялык, 9 учур – клиникалык-эпидемиологиялык симптом менен тастыкталды. Бишкек мурдагыдай эле “кызыл” зонада калууда. Ал эми Ысык-Көл “сары” зонада, калган 5 облус “жашыл” зонада турат”, — деди ал.

ЧЕК АРА ЧЫРЫНДАГЫ ЧЫГЫМ АНЫКТАЛУУДА

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин комиссиясы Баткен жана Лейлек райондорунда чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады. Мекеменин маалымат кызматы окуя болгон аймактардан болгон материалдар чогултуларын, ошонун негизинде жабыркагандарга, үй-жайынан ажырыгандарга жардам берилерин билдирди. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 35 кыргызстандык набыт болуп, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти. Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

Количество просмотров: 104