• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Мыйзамсыз май ташыган унаалар кармалды. Айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды

24 Жалган куран 202314:02 Бишкек Govori.TV

АЙДОО ЖЕРЛЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Чүйдө 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.
Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчике кайтарылды.

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн жылышына байланыштуу ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-мартынан 27-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу менен Кара-Гөө ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

МЫЙЗАМСЫЗ МАЙ ТАШЫГАН УНААЛАР КАРМАЛДЫ
Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет
Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.
«Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 286