• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Орусиядагы кырсыктан 2 кыргызстандык каза болду. 91 күндө Ысык-Көлдөн 7 тонна таштанды чыгарылды

27 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган. Кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

ОРУСИЯДАГЫ КЫРСЫК: 2 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КАЗА БОЛДУ

Орусиянын Самара облусунда болгон жол кырсыгында 6 адам каза болуп, жети киши жараат алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 27-июнга караган түнү саат 00:05 чамасында катталган. Эки унаа кагышып, 6 адам көз жумган, анын экөө Кыргызстандын жараны, төртөө Өзбекстандын жараны. Жараат алган жети адам ооруканага жаткырылган. Кырсыктын себептери жана жагдайлары укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аныкталууда. Окуяны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги көзөмөлүнө алды.

7 ТОННА ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 7 тоннадан ашуун таштанды чыгарды. Маалыматка караганда, 91 күндөн бери Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштери уланууда. Соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы «Золотые пески», Чолпон-Ата шаарындагы «Лагуна», «Голубой Иссык-Куль», Ч.Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы «Ден-соолук», «Каприз» пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланган. Ушул жылдын 12-мартынан бери жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7 тонна 505 кг таштанды, 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылган.

Количество просмотров: 177