• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто дагы 3 адамда коронавирус аныкталды. Ноокатка өзгөчө кырдаал киргизилди

20 Жалган куран 2020 14:27 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=qi3-oV7KQ

ОШТО ДАГЫ 3 АДАМДА КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 20-мартка карата Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.Министрдин маалыматы боюнча, алар Ош облусунун Ноокат районундагы жашоочулар. “Кыргызстанда жалпы илдетке чалдыккан 6 бейтап бар. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Коронавируска чалдыккандардын жаӊы учурлары Умрага кичи хаджга барып келгендерден аныкталды. Кооптонууга негиз жок, карантинди сактап, көп эл чогулган жайларга жана иш-чараларга барбай, эгерде кандайдыр бир оору белгилери байкалса, үйдөн чыкпастан тез жардам кызматына байланышып, медиктердин сунуштамаларын так аткаруу кажет”, – деп билдирди министр. Кошумчалай кетсек, коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган.

НООКАТКА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ КИРГИЗИЛДИ

Ноокат райондук администрациясынын башчысы –райондогу жарандык коргоо башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:
коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объекттерди коргоо күчөтүлсүн;
эл көп чогулган объекттердин ишмердүүлүгү токтотулсун;
райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

ДОЛЛАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ БИР НЕЧЕ КҮНГӨ СОЗУЛАТ

Доллардын 85 сомго көтөрүлүүсү бир канча күнгө чейин созулат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифингде билдирди.
“Мындай кырдаал бир канча күн созулат. Ал эми Улуттук банктын резерви толук жана эч кандай тартыштык жок. Ал эми доллардын баасынын кескин түрдө көтөрүлүп кетүү нефтинин баасынын төмөндүгү жана коронавирустан улам ушундай кырдаал жаралууда. Улуттук банк долларга суроо талап көп болгондуктан ушундай абал жаралды. Бирок ызы-чуу жаратуунун кереги жок, бизде мындай абал алгачкы жолу катталган жок, эсиңиздерде болсо буга чейин да доллардын наркы кескин көтөрүлгөн учурлар болгон.”, – деди Абдыгулов. Эске салсак, кечээ 19-мартта 1АКШ доллары 85сомго бааланган болчу.

Количество просмотров: 680