• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Сосновкада чектөө кирди. Москвада кыргызстандык жаран тонолду

29 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

СОСНОВКАДА ЧЕКТӨӨ КИРДИ

Бишкек-Ош жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Чектөө кечээ, 28-ноябрда саат 18:00дөн тартып киргизилген. Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар. Учур постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу унаа токтоп турат.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан Чычкан жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постторунда да чектөөлөр киргизилип, 40ка жакын оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат.

НАРЫНДА ЖЕР СИЛКИНДИ

Кечээ, 28-ноябрда кечки саат 19:02де Нарын облусунунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак, айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН ТОНОЛДУ

Москвада Литовский бульварындагы банктын филиалынын жанында кыргызстандык жаранды тоноп кетишкен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар тапанчадан ок атып, ичинде 100 миң доллары бар баштыгын алып кетишкен.

«Полиция кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалганын билдирди», — деп жазат ЖМКлар.

Количество просмотров: 88