• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМКнын атын жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалды. Чүйдүн жетекчиси кызматтан алынды

10 Жалган куран 2021 14:25 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Ош шаарында дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. Бир күндө вирус 34 кишиден жаңы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 10-мартта билдирди. Оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 640 киши болду. Анын 83 666сы айыгып чыкты. Азыр 294 киши ооруканаларда жатат. Анын 11инин абалы өтө оор, 82 кишинин акыбалы оор деп бааланган

УКМКНЫН АТЫН ЖАМЫНГАНДАР КАРМАЛДЫ

УКМК жетекчилигинин атын жамынган адамдар кылмышка шектелип жаткан мамлекеттик кызматкерден 180 миң доллар алганы аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарындагы жетекчилердин бирин кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жаткан кезде кайсы бир тараптар УКМК жетекчилигинин атын жамынып, шектелип жаткан адамдын туугандарынан 180 миң доллар алган. Алар шектүүнүн кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалашкан.
«9-мартта мамкызматкерди алдап акча алган 49 жаштагы К.А. менен 43 жаштагы М.К. кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.


ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп Эркин Тентишев дайындалды. Маалымат Чүй облустук администрациясынын Facebook баракчасына жарыяланды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин Чүй облусуна жетекчи болуп келген Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынганы айтылды.

Количество просмотров: 327