• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Унаа жолуна кар көчкү түштү. Пара берүүгө айыпталып чет элдик жаран кармалды

25 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛУУДА

Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө.

2022-2023-окуу жылында 185 миӊге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктайт. 

Акыркы коңгуроого арналган салтанат — кечелерди кафе — ресторандарда жана башка эс алуучу жайларда майрамдоого тыюу салынган. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо жана «Акыркы коңгуроо» салтанатын тынч өткөрүп алуу үчүн чаралар көрүлө турганы айтылган.

УНАА ЖОЛГО КӨЧКҮ ТҮШТҮ

Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-майда саат 03:30да аталган унаа жолдун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү жүрүп, анын 9 миң 679 куб метри жолго түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштерине 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.

ӨКМден белгилешкендей, саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылган

ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАН ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, 23-майда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран кармалды.

Кармалган чет элдик жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салыкчыга 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 63