• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жөлөкпул, пенсия жана маяналар өз убагында төлөнөт. Боом капчыгайы жабылат

27 Аяк оона 2019 14:50 Бишкек Govori.TV

АБЫЛГАЗИЕВ: ЖӨЛӨКПУЛ, ПЕНЦИЯ ЖАНА МАЯНАЛАР ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨНӨТ

Жөлөкпул, пенсия жана маяналар өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.Ал социалдык төлөмдөр, пенсия жана маяналар өз убагында мыйзамга ылайык төлөнөөрүн айтып, каражат жетиштүү экенин белгиледи. Аны менен бирге Абылгазиев, Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиевдин, эгер салык боюнча план аткарылбаса 2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калышы мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп айтып, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты. «Биз каражатты чогултуу милдетин Соцфонддон Салык кызматына өткөрүп бердик. Системаны өз ордуна коюп жатабыз. Сиз бул нерселерди айтып жатканыңыз үчүн кетишиңиз керек. Муну министрлер эмес, эксперттер, аналитиктер айтса болот. Эгер тобокелчиликтер болсо азыр айтыңыз», — деди ал.

БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА ЖОЛ 4-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ЖАБЫК БОЛОТ

Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 30-сентябрдан 4-октябрга чейин жабылып турат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. 2019-жылдын 4-октябрына чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. “Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат”, – деп айтылат маалыматта.

 CENTERRA GOLD ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ АЛМАШКАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

Centerra Gold Inc. алтын кен иштетүүчү компания ушул жылдын 1-октябрынан тарта директорлор кеңешинин көз карандысыз төрагасы Стивен А. Лангдын ордуна Майкл С. Парреттин келе турганын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө жазылган.Маалыматка караганда, Стивен Ланг директорлор кеңешинин мүчөсү болуп кала берет. Ал 2008-жылы Centerra компаниясынын директорлор кеңешине кирип, 2012-жылдан бери төрагалык кызматты ээлеп келген. «Директорлор кеңешинин атынан Стивенге кызматтык милдетин аткаруу маалында кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Анын жетекчилиги алдында компания ийгиликтерге жетишти, алсак Кыргызстандын өкмөтү менен бирге Стратегиялык макулудашууга кол коюу -ийгиликтин башаты болуп калды», -деди Centerra компаниясынын президенти Скотт Перри. Майкл Парретт тоо-кен өндүрүш тармагында 35 жылдык тажрыйбага ээ.

Количество просмотров: 316